Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
 

2016-жылдын 8-июнундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйналышынын күн тартиби (жаныртылды)

Өзгөртүүлөр болушу мүмкүн
Долбоор

2016-жылдын 8-июнундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйналышынын күн тартиби

1. “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – ЖКнын V чакырылышынын депутаты Измалкова А.Н.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

2. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Салык кодексине, “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамга) (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 03.02.16дагы № 50 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

3. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө”, “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдарга) (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Текебаев Ө.Ч., Жапаров А.Ү., Салянова А.Ж., Шыкмаматов А.Н., Никитенко Н.В., Шер-Нияз С., Мамашова А.Т., Токтошев Э.Т., Сулейманов Б.И., Иманалиев К.К., Джакупова Ч.И.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

4. “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Төрөбаев Б.Э., Асылбаева Г.К., Бакиров М.И., Жамалдинов З.И., Жолдошбаев К., Жунус уулу Алтынбек, Жутанов А.Т., Икрамов Т.И., Масалиев И.А., Султанов А.М., Узакбаев А.О., Шайназаров Т.У., Юсуров А.Л.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

5. “Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Токой кодексине, “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Озон катмарын коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – Өкмөт, 16.05.16дагы № 258 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитет)

6. “Терроризм жана экстремизмге каршы аракеттенүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, Кылмыш-жаза кодексине, Жазык-процесстик кодексине, Жазык-аткаруу кодексине, “Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө”, “Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө”, “Мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечилер – депутаттар Примов У.Б., Матраимов И.И., Баатырбеков А.Б., Шайназаров Т.У., Жылкыбаев У.К., Сатыбалдиев К.У., Төлөнов Д.Э., Акматов А.Ж.) (Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитет, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет)

7. “Маалыматташтыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 03.03.16дагы № 102 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

8. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Шер-Нияз С., Шыкмаматов А.Н., Момбеков Р.Ч., Мусабекова Ж.А., Бекешев Д.Д., Скрипкина Г.А., Иманалиев К.К.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

9. “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Иманалиев К.К., Текебаев Ө.Ч., Салянова А.Ж., Нышанов С.К.) (Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитет, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет)

10. “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Акаев Ж.К.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет)

11. “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Сабиров М.Э.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет)

12. “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – Өкмөт, 25.02.16дагы № 83 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет)

13. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Жарнак жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечи – Өкмөт, 18.01.16дагы № 13 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

14. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2016-жылга тышкы аудиторун бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)


© 2011.Жогорку Кеңеш
Кыргыз Республикасы
Веб-портал БУУӨП көмөгү менен түзүлгөн. 2011-жылы Европа Бирлигинин каржылык колдоосу аркылуу кайра түзүлдү. Бул веб-порталда айтылган пикирлер сөзсүз эле БУУ, ЕБ, БУУӨП, алардын программа/долбоорлорунун же өкмөттөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт. Колдонулуп жаткан шарттуу белгилер да тигил же бул өлкөнүн макамына, аймагына же чегарасына карата кандайдыр бир шарттоону туюндурбайт.