Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
 

Игорь Чудинов, ЖК депутаты: “Миграциянын өсүшү Кыргызстандын тагдырына балта чапкандай эле болот”

 Игорь Чудинов Кыргызстанда жоопкерчиликтүү кызматтарды  аркалаган ишмер катары белгилүү. Ал ири «Кыргызгаз» ишканасынын жетектеп тургандан баштап, Республиканын премьер-министри болуп турган кезинде өзүн принципиалдуу саясатчы жана жетекчи катары көрсөтө алган. Ал премьерлик кызматынан электр энергияга тарифтер көтөрүлгөндө эл таламын талашып өз ыктыяры менен кеткенин да көпчүлүк жакшы билет. Ошондой эле Өкмөт башында турганда өлкөнүн экономикалыккөрсөткүчтөрү да бир топ жогору болчу. Кайсы кызматта болбосун чынчылдыгы, тактыгы менен өзүн  белгилүү ЖК депутаты Игорь Витальевич суроолорубузга жооп берди.

 

-- Игорь Витальевич, мүмкүн болсо суроонусиз Өкмөт башчы болуп турган мезгилден баштасак, 2008-жылы айыл чарба жерлерин мыйзамсыз трансформациялоо кылынганы боюнча сизге кылмыш иши козголду эле, азыр ал ишкандай нукта жүрүүдө?  

--Бул иш Октябрь райондук сотунда каралып жаткандыктан, азырынча комментарий берүүэрте деп эсептейм. Жана да сот дыкаттык менен териштирип чыгып, акыйкаттуу чечим чыгарат деп ишенем.

--Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирерде эксперттик жамаат катуу каршы болду эле.  1 жылдык натыйжасынан кийин тажрыйбалуу адис катары кандай баа берет элеңиз?

--Россия көп жылдардан бери биздин башкы стратегиялык өнөктөшүбүз болгондуктан, башынан эле туура чечим болгонун белгилеп коеюн. Кыргызстан кичинекей экономикасы менен дайыма көзкарандысыздыгын, эгемендигин сактап калууда күчтүү өнөктөштөрдү издеши керек. Анткени кичинекей өлкөгө эгемендигин жалгыз сактап калуу кыйын. Ошондуктан,  экономикабыздын өсүшүн кааласак, Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүбүзгеосаясый жактан дагы туура.Бир чети, Бажы биримдигине таябастан, өкмөт экономиканы өнүктүрүүдө дагы чоң программаларды иштеп чыгып, жергиликтүү ишкана ээлерин, жеке ишкерлерди колдоодо, бизнестин кызыкчылыктарын коргоого көңүл бурушу керек. Анткени бюджеттин булактары бул жергиликтүү ишканалардын салык төлөмдөрү болгондуктан, аларды өстүрүү зарыл. Учурда экономикабыз буга муктаж. Мен фракцияда дагы, өкмөттө да өкмөт башчы бул тармакта активдүү иш барышы керектигин белгилеп келем. Анын үстүнө, азыркы жаңы Өкмөт башчы мурунку губернатор, Айыл чарба министри  болуп эмгектенген адам катарыөлкөбүздүн 60 пайыз калкы иштеген фермерлердин турмушу менен жакындан тааныш болуп, бул тармактагы маселелерди жакшы билгендиктен, ББга байланыштуу иштерди аткарууда көп убактысын ага арнайт деп ишенем.Анан да, Россия менен биргеликте ачылган Кыргызстандын олуттуу финансылык каражаты Кыргызстанды өнүктүрүү инвестициялык фонду бар болгондуктан, ар бир нерсе дыкаттык менен карап чыгышы керек. Анткени азыр өлкөнүн экспорттук потенциалы түшүп, экспорткыскарып жатат жана бул жерде көбүнчө Улуттук банктын валюталык саясаты жакшы иштелип чыкпагандыгы менен байланыштуу. Туура, бир четинен сомдун курсунун стабилдүү болушу бизге ыңгайлуу болсо, экинчи жагынананын теңге жана рублдан кымбат болушуэкспортко багытталган бизнести кармап, республиканын экспортунун өсүшүнө жол бербей, чоң маселе жаратып жаткандыктан, Улуттук банк олуттуу саясат жасашы керек.

 

--Кыргызстандатүшкү тыныгууну 2 саатка узартуусунушусоңку күндөрү коомчулуктачоң талкууну жаратууда. Бул депутаттар менен дин өкүлдөрүнүн ортосунда да талаш-тартышты жаратып, Президент өзү кийлигишкенге туура келди. Сиздин пикириңиз?

--Бул суроого комментарий берүүдөн алыс болгум келет, себебидин маселесине кийлигишким келбейт. Негизинен башынан эле Кыргызстандын Конституциясында Кыргызстан светтик мамлекет экенин эстен чыгарбайм жана муну калк дагы жакшы билет. Ушул себептүү мамлекет менен дин маселеси бири биринен алыс болушу керек деп эсептейм.

--Учурунда “Кыргызгаздын” жетекчилигинде турган тажрыйбалуу адис катары айтсаңыз,  чоң талаш-тартыш жараткан “Кыргызгаздын” “Газпромго” сатылышы боюнча кандай пикирде элеңиз жана 2 жылдан бери кандай баа берип келесиз?

--Менин билишим боюнча, «Кыргызгаз» Газпромго 25 жылга узартылган мөөнөткө иштетилүүгө берилген. Албетте, стратегиялык өнөктөш болгон Газпром бул тармакта өз мойнуна алган долбоорлор так аткарылса, Кыргызстан өндүрүш тармагында жана стабилдүү газ менен калкты камсыздандырууда пайда гана көрөт. Соңку 1, 5 жылда жакшы багыттагы өзгөрүүлөр байкалып, мурдагы маселелерди жокко чыгарууда“Газпром” калкты стабилдүү газменен камсыз кылып, экономикага салым кошмокчу. Маселен, азыр алар Чүй облусунун газ берүүчү түтүк тармагын долбоорлоо ишин июль айында соңуна чыгарып, ишке берилип, олуттуу киришкенин көрсөтүшүүдө. “Газпром” Чүй облусу менен Бишкек шаарын жана өлкөнүн түштүк жагын стабилдүү газ менен камсыз кылууда конкреттүү программаларды иштеп чыгарын жакында сезип калабыз. Бул албетте жагымдуу. Анан албетте компаниянын баа саясаты да кайра иштетип чыгуучу ишкана тармактарынын өсүшүнө мүмкүндүк берет. Бул кадамдарды жакшы жагынан кабыл алуу кажет деп эсептейм.

--Көп жылдан бери чечилбей келгенКумтор” долбоорун улутташтыруу маселесине кандай көз караштырасыз?

--“Кумторду” улутташтыруумаселесинде парламент кылдаттык менен карап, чечим чыгарышы керек. Эгер биз чын эле аны өзүбүз өздөштүрүп өз алдынча иштетип кете аларыбызга көзүбүз жетсе, анда бул кадамга барсаболот. Бирок мени ойлондурганы, 1993-жылдан баштап өлкөдө бир дагы башка ири кендүү жер иштетилген эмес. Эгер биз өзүбүз иштете ала турган болсок, анда эмнеге Жер үйдү иштетип баштаган жокпуз? Эмнеге Талдубулакты берип койдук, эмнеге КРнын каптилы болгон ошондогу акция бааларынын келечегин колдоно алган жокпуз? Бир эле учурда алардын баалары бир миллиард 200 долларга чейин жетпеди беле. Бул деген башка кендүү жерлерди иштеткенге мүмкүнчүлүк түзүп берген олуттуу ресурс болчу.  Эми бул маселеде Өкмөт өз күчүнө ишенип, конкреттүү планын алып чыгыш керек. А чынын айтканда азыр “Кумтордүн” ичинде эмне болуп жаткандыгы тууралуу маалымат аз. Бир чети биз бул ишкананын ири акционерибиз (32 %).

--Бирок андан да көп 50 % акционердик ээлик кылуу боюнча суроо катуу көтөрүлүп, ишкана тараптан да макулдук берилип жаткандай болуп атты эле?

 --Эмнегедир бул маселе каралып, бирок ошол бойдон токтоп калды, кандай баскычта токтоп калды, аны деле билбей калдык. Экс-премьер --министр Жантөрө Сатыбалдиевдин учурунда бул маселе каралып, андан кийин аны эч ким эстеп деле койгон жок. Ошондуктан бул биринчи кезекте аткаруу бийлигинин алгачкы кызыкчылыгы болушу керек. Алар Кыргызстан үчүн кирешелүү, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын канаттандыргансунушту алып чыгышы керек, ошондо аны парламент колдоп береби же өзүнүкүн сунуштайбы, убакыт көрсөтөт. Бирок азырынча аткаруу бийлигинен эч кандай чечим же сунушту уга элекмин.

--Соңку суроо,  эмне үчүн “Бир Бол” партиясынан шайлоого бардыңыз? 

--Эгер ошол учурдапарламентте болгон партиялар менен барганым туура болбой калмак. Ал эмиБир Бол”жаңы саясий партия болчу жана да Кыргызстандын экономикасын, маданиятынөстүрүүдөгү көз караштарыбыз партиянын мүчөлөрүменен бирдей чыгып, партияга кошулгам.

--Кыргызстанды өнүктүрүүдө бизге эмне жетишпей турат деп эсептейсиз?

--Бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикасын өстүрүү эң маанилүү маселе. Жөн эле өстүрүү эмес, негизги максат - кыргыз жарандарыбыз өз жерибизде иш орундарына ээлик кылуудамыкты шарттарды түзүп берүү. Бул маселе абдан маанилүү болуп турат. Сырткы миграцияны азайтыш керек, биздин жараандар – бул Кыргызстандын негизги ресурсу. Келечекте миграциянын өсүшүү Кыргызстандын тагдырына балта чапкандай эле болот. Ошондой эле социалдык камсыз кылууда, саламаттыкты сактоодо реформаларды жүргүзүү абдан маанилүү. Анткени, Биз пенсиялык, социалдык, саламаттыкты сактоодогу камсыздандырууларды мурдагы советтик системага калтырып койгонбуз. Андыктан бул тармакта реформаларды жүргүзүү менен, Кыргызстаныбызда экономиканы өтө тездик менен өнүктүрүшүбүз керек.

Биздин экономика инновацияларга дагы чон басым кылыш керек, ири мамлектерге караганда Кыргызстандын кыймылдуу экономикасы бар. Биздин бизнес ар кандай кыйынчылыктарга чыдап, кризистерге баш бербей тырышып иштеп келетат.

 

Кайыргүл Молдалиева


© 2011.Жогорку Кеңеш
Кыргыз Республикасы
Веб-портал БУУӨП көмөгү менен түзүлгөн. 2011-жылы Европа Бирлигинин каржылык колдоосу аркылуу кайра түзүлдү. Бул веб-порталда айтылган пикирлер сөзсүз эле БУУ, ЕБ, БУУӨП, алардын программа/долбоорлорунун же өкмөттөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт. Колдонулуп жаткан шарттуу белгилер да тигил же бул өлкөнүн макамына, аймагына же чегарасына карата кандайдыр бир шарттоону туюндурбайт.