Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
 

Жаңылыктар
Июнь 2016-ж.
ДшШшШрБшЖмИшЖш
303112345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930123
45678910
// 11.06.16 22:07
Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Венгрия Президенти Янош Адер менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында 10-июнда  Венгриянын Президенти Янош Адер менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан жана Венгриянын ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү багытында пикир алышты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков эки тараптуу достук мамилелерди мындан ары да тереңдетүүгө жана парламенттер аралык кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Чыныбай Турсунбеков эки өлкө ортосунда кызматташуу жакшы жолго коюлгандыгына жана  соода-экономика тармагы потенциалдуу экендигине карабастан аталган тармак жай өнүгүп жаткандыгына токтолду. “Кыргызстан Венгрия менен экономикалык тармак жаатында кызматташууга, инвесторлорду тартууга жана аларга максималдуу түрдө ар тараптуу шарттарды түзүп берүүгө кызыкдар. Кыргызстан кичи ГЭСтерди куруу, кайра иштетүү өнөр-жайы, тоо-кен жана башка өндүрүш тармактары боюнча абдан потенциалдуу өлкө” деди ал.

Жогорку Кеңештин Төрагасы соода-экономикалык кызматташууну жакшыртуу максатында маданий-гуманитардык, илимий-техникалык жана соода-экономикалык багыттар боюнча Кыргызстан-Венгрия ортосунда парламенттер аралык комиссия түзүүнү сунуштап, аталган тармактар боюнча Кыргызстан тарап жигердүү иш алып барууга даяр экендигине токтолду.

Венгрия Президенти Янош Адер соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана илимий-техникалык багытта эки тараптуу кызматташууну күчөтүүнү колдоорун айтып, Венгрия Кыргызстандын демократиялык мамлекет болуп түптөлүп жатышын кубаттай тургандыгын билдирди.

 Эске салсак, Төрага Чыныбай Турсунбеков башында турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы  Венгриянын Улуттук Жыйынынын Төрагасынын чакыруусу боюнча Венгрияга расмий иш сапары менен барды.

Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Аскарбек Шадиев ("Бир Бол” фракциясы), Руслан Казакбаев ("Республика — Ата Журт" фракциясы), Каныбек Иманалиев (“Ата Мекен” фракциясы), Тынчтык Шайназаров (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы), Искендер Матраимов (КСДП фракциясы) жана Алмазбек Баатырбеков ("Кыргызстан" фракциясы) бар.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы 

© 2011.Жогорку Кеңеш
Кыргыз Республикасы
Веб-портал БУУӨП көмөгү менен түзүлгөн. 2011-жылы Европа Бирлигинин каржылык колдоосу аркылуу кайра түзүлдү. Бул веб-порталда айтылган пикирлер сөзсүз эле БУУ, ЕБ, БУУӨП, алардын программа/долбоорлорунун же өкмөттөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт. Колдонулуп жаткан шарттуу белгилер да тигил же бул өлкөнүн макамына, аймагына же чегарасына карата кандайдыр бир шарттоону туюндурбайт.