Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
 

Жаңылыктар
Июнь 2016-ж.
ДшШшШрБшЖмИшЖш
303112345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930123
45678910
// 11.06.16 13:41
Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Венгриянын Улуттук Жыйынынын Төрагасы Ласло Кёвер менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков 10-июнда  Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында Венгрия Республикасынын Улуттук Жыйынынын Төрагасы Ласло Кёвер менен жолугушту.

Жогорку Кеңештин Төагасы Чыныбай Турсунбеков Венгрия  менен парламенттер аралык кызматташууну күчөтүү артыкчылыктуу багыттардын бири экендигин жана Кыргызстан Венгрия Республикасы менен достук мамилелердин мындан ары күчөшүнө кызыкдар деп билдирди.

Чыныбай Турсунбеков эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарына токтолуп,  парламенттер аралык байланышты күчөтүү, парламенттик демократияны бекемдөө багытында  тажрыйба алмашуу кыргыз-венгер байланышынын мындан ары күчөшүнө өбөлгө түзөт деп белгиледи.  

Жогорку Кеңештин Төрагасы Венгриянын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн кыргызстандык студенттерге 25 орун бөлүнгөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, мындай саамалыктар кыргыз-венгер достугун бекемделишине жана кадрдык потенциалдын жогорулашына салым кошот деп айтып, Венгриянын Улуттук Жыйынынын Төрагасын 2016-жылдын күзүндө Бишкекте өтүүчү Түрк ПАнын кезектеги  пленардык жыйынына чакырды.

Өз кезегинде Венгриянын Улуттук Жыйынынын Төрагасы Ласло Кёвер Чыныбай Турсунбековду Жогорку Кенештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, Венгрия Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин айтып,  Кыргыз парламентарийлеринин бул тарыхый визити, парламенттер аралык кызматташууга дем бере тургандыгын белгиледи.

Ошондой эле Ласло Кёвер эки өлкөнүн парламенттеринин аппараттарынын ортосунда тажрыйба алмашуу ыкмасын сунуштап, эл аралык парламенттер бирикмесинин алкагында эки тараптуу кызматташууну күчөтүү зарылдыгын айтты.

Жыйындын соңунда Чыныбай Турсунбеков жана Ласло Кёвер биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

 Эске салсак, Төрага Чыныбай Турсунбеков башында турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы  Венгриянын Улуттук Жыйынынын Төрагасы Ласло Кевердун чакыруусу боюнча Венгрияга расмий иш сапары менен барды.

Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Аскарбек Шадиев ("Бир Бол” фракциясы), Руслан Казакбаев ("Республика — Ата Журт" фракциясы), Каныбек Иманалиев (“Ата Мекен” фракциясы), Тынчтык Шайназаров (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы), Искендер Матраимов (КСДП фракциясы) жана Алмазбек Баатырбеков ("Кыргызстан" фракциясы) бар.

Жогорку Кенештин Басма сөз кызматы 

© 2011.Жогорку Кеңеш
Кыргыз Республикасы
Веб-портал БУУӨП көмөгү менен түзүлгөн. 2011-жылы Европа Бирлигинин каржылык колдоосу аркылуу кайра түзүлдү. Бул веб-порталда айтылган пикирлер сөзсүз эле БУУ, ЕБ, БУУӨП, алардын программа/долбоорлорунун же өкмөттөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт. Колдонулуп жаткан шарттуу белгилер да тигил же бул өлкөнүн макамына, аймагына же чегарасына карата кандайдыр бир шарттоону туюндурбайт.