Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
 

Жаңылыктар
Июнь 2016-ж.
ДшШшШрБшЖмИшЖш
303112345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930123
45678910
// 13.06.16 11:07
Депутаттар тобу жеӊилдетилген насыя берүү аркылуу өлкөнүн айыл чараба тармагынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуунун алгылыктуу жолун сунуштады

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде депутаттар тобу тарабынан жеӊилдетилген насыя берүү аркылуу өлкөнүн айыл чараба тармагынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясын жактырды.

Демилгечилердин бири депутат Бактыбек Райымкуловдун айтымында, азыркы шарттарда айыл чарба тармагынын жеӊилдетилген насыялапга болгон муктаждыгы өтө жогору, ошондон улам жеткиликтүү жана жеңилдетилген насыялоонун натыйжалуу механизмин түзүү зарыл. “Азык-түлүк тармагынын ишин жакшыртуу боюнча мамлекеттик колдоонун көрүлүп жаткан чаралары өндүрүүчүлөрүнүн муктаждыктарына дайыма эле шайкеш келе бербейт. Мындай кырдаал айыл чарбасынын өнүгүшүнө тоскоолдук кылууда”, - дейт ал.

Демилгечилер айыл чарбасы үчүн жеңилдетилген насыялардын төмөн пайыздык коюмун белгилөө боюнча сунуш кылынган чаралар айыл чарба өнүмүн өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, айыл калкын иш менен толук камсыз кылууга, калктын турмуш деңгээлин жогорулатууга түрткү берерин айтыт. Ошондон улам, демилгечилер дыйкандарга берилген насыяны 7 пайызга чейин төмөндөтүү сунушун киргизүүдө. Ал үчүн кошуча 100-200 млн сом каражат керектелет.

Талкуу жүрүшүндө бир катар депутаттар насыя өлчөмүн 7 пайызга чейин төмөндөтүү демилсине карата каршы пикирин билдиршти. Алар каржы каатчылыгынын маалында мындай кадам тобокелчиликке алып келиши мүмкүн экенин айтат. Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков ушу тапта мамлекет тарабынан айыл чарба багытындагы насыялар 10-11 пайыздык үстөгү менен берилип жатканын, анын чегин 7 пайызга чейин төмөндөтүүгө кошумча каржы булактары жок экенин билдирди.

Ал эми тармактык комитеттин төрагасы Аскарбек Шадиев Айыл чарба жана мелиорация министрлигине карата нааразылыгын билдирди. “Министрликте 5500 адам иштейт, бюджеттен 5 млрд 620 млн сом алат, бирок кылган ишинин дайыны жок, баары башаламан. Минстрликти жоюп, андан түшкөн каражатты дыйкандарга үстөк пайызсыз насыя катары бериш керек”, - дейт ал.

КР ЖК Басма сөз кызматы
 

© 2011.Жогорку Кеңеш
Кыргыз Республикасы
Веб-портал БУУӨП көмөгү менен түзүлгөн. 2011-жылы Европа Бирлигинин каржылык колдоосу аркылуу кайра түзүлдү. Бул веб-порталда айтылган пикирлер сөзсүз эле БУУ, ЕБ, БУУӨП, алардын программа/долбоорлорунун же өкмөттөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт. Колдонулуп жаткан шарттуу белгилер да тигил же бул өлкөнүн макамына, аймагына же чегарасына карата кандайдыр бир шарттоону туюндурбайт.