Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
 

Жаңылыктар
Июнь 2016-ж.
ДшШшШрБшЖмИшЖш
303112345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930123
45678910
// 13.06.16 12:04
Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоордун алкагында 16 млн доллар өлчөмүндө каржы бөлүнөт

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети «Бишкек шаарында 2016-жылдын 18-январында кол коюлган КР менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) жана КР менен Глобалдык экологиялык фонддун аткаруучу агенттиги катары чыгаруу Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну (Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоор) ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун жактырды.

Келишимге ылайык, Токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу боюнча долбоордун алкагында 16 млн доллар өлчөмүндө каржы бөлүнөт. Анын ичинде Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 6,6 млн доллар өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя, ал эми Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 5,4 млн доллар көлөмүндө гранттык каражат бөлмөкчү.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 616 миӊ чарчы чакырым токой аянты бар же өлкө аймагынын 6,6 пайызын ээлейт. Анда өлкө калкынын 42 пайызы жашайт.

КР ЖК Басма сөз кызматы
 

© 2011.Жогорку Кеңеш
Кыргыз Республикасы
Веб-портал БУУӨП көмөгү менен түзүлгөн. 2011-жылы Европа Бирлигинин каржылык колдоосу аркылуу кайра түзүлдү. Бул веб-порталда айтылган пикирлер сөзсүз эле БУУ, ЕБ, БУУӨП, алардын программа/долбоорлорунун же өкмөттөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт. Колдонулуп жаткан шарттуу белгилер да тигил же бул өлкөнүн макамына, аймагына же чегарасына карата кандайдыр бир шарттоону туюндурбайт.