Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
 

Жаңылыктар
Июнь 2016-ж.
ДшШшШрБшЖмИшЖш
303112345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930123
45678910
// 13.06.16 17:09
Тармактык комитет “мамлекеттик социалдык заказдар” жөнүндөгү мыйзамдын аткарылышын карады

2010-1015-жылдар аралыгында өлкөнүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине мамлекеттик социалдык заказдарды аткарууга деп 88, 3 млн. сом бөлүнгөн. Ал эми 2016-жылга  22, 4 млн. сом каралган. Бул 2014-2015-жылдардагы каралган суммадан эч айырмаланбайт. Ар бир каражатка тиешелүү долбоорлор тандалып, андан кийин гана аткарууга жиберилет. Мисалы, 2010-жылы социалдык өнүктүрүүнүн 20 долбоору ишке ашырылган. Мындай маалыматтар бүгүн, 13-июнда Жогорку Кенештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Тармактык комитеттин демилгеси менен каралып жаткан аталган маселе боюнча депутат Аида Исмаилова баяндама жасады.

Эл өкүлүнүн айтымында, Ысык-Ата районундагы Ивановка станциясындагы балдар бакчасын ачуу үчүн бир жылдык мөөнөткө 314 23,87 сом суммасында “Сайрон” коомдук бирикмеси  менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ортосунда келишим түзүлгөн. Бирок, тиешелүү лицензияларын карап чыгып, муну жогоруда аталган министрлик эмес, Билим берүү жана илим министрлиги колго алыш керек болчу. Санай берсе, мындай мисалдар көп.

Эң башкысы, мамлекеттик социалдык заказды аткарууга республикалык бюджеттен бөлүнгөн финансылык каражаттар натыйжасыз жана максатсыз пайланылган. Долбоорду ишке ашырууга катышкан заказчылар дагы бюджеттик каражаттарды пайдалануу боюнча квартал сайын Финансы министрлигине, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине отчет берип турууга милдеттүү болсо дагы, бул иш эч качан колго алынган эмес.

Талкууда талаш-тартыштуу жагдайлар жаралгандыктан, жумушчу топ кайрадан ишти алып барышы керек деп белгиленди. Анын курамына бир катар депутаттар сунушталды.  

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

© 2011.Жогорку Кеңеш
Кыргыз Республикасы
Веб-портал БУУӨП көмөгү менен түзүлгөн. 2011-жылы Европа Бирлигинин каржылык колдоосу аркылуу кайра түзүлдү. Бул веб-порталда айтылган пикирлер сөзсүз эле БУУ, ЕБ, БУУӨП, алардын программа/долбоорлорунун же өкмөттөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт. Колдонулуп жаткан шарттуу белгилер да тигил же бул өлкөнүн макамына, аймагына же чегарасына карата кандайдыр бир шарттоону туюндурбайт.