Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
 

Жаңылыктар
Июнь 2016-ж.
ДшШшШрБшЖмИшЖш
303112345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930123
45678910
// 13.06.16 19:19
Мамлекеттик маанилүү документтерди даярдоо – мамлекеттин гана колунда болуш керек

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 3-VI протоколдук тапшырмасын аткаруу жөнүндөгү маселе  бүгүн, 13-июнда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында каралып, аткарылган иштердин жыйынтыгы маалымдалды. Бул багытта баяндама жасаган депутат Рыскелди Момбеков,- “Иштин жыйынтыгы өтө кеч чыгарылып жатат. Буга Өкмөттүн “кежирлик” саясаты себеп болду. Талап кылынган документтер 3-4 айлап колго тийбей олтуруп, акырында 6 ай дегенде араң 350 документтин ордуна  104үн гана эптеп алдык”,- дейт.

Ошондой эле эл өкүлү Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Т.Сарпашевдин Щвейцариядагы иш сапарында топтогон маалыматтары менен  таанышууну сунуштады.

Өз сөзүндө Т.Сарпашев мамлектетик типографияны түзүү зарылчылыгын белгиледи. “17 млн. евро турган атайын жабдык сатып алып, аны иштетүү үчүн жабык акционердик коом түзүү зарыл. Анын курамына Мамлекеттик каттоо кызматынын “Инфоком” мамлекеттик ишканасы, Улуттук банк жана “Учкун” концерни кириши керек. Анткени, корголуучу белгилери бар документтерди дал ошол тараптар чыгарууда ири буюртмачы. Казакстанда деле мындай тажрыйба бар. Алар жалпы заказдардын 80%ын өздөрү аткараарын айтып жатышат. Бул жагынан Кыргызстан деле “Госзнак”  сыяктуу структураны түзсө, мезгилден артта калбас эле. Эң биринчи кезекте бул мамлекеттик коопсуздукту камсыздоодогу маанилүү кадам болмок”,- дейт Т.Сарпашев.

Тармактык комитет төрагасы Садык Шер-Нияз,-“Өлкөнүн өзүнүн акча сарайы болсо (Монетный двор сыяктуу) эмнеси жаман?! Эгер ал ишке ашса, коопсуздук маселеси акталат. Руханий дөөлөтүбүз дагы артат”,- дейт.

Депутат А.Исмаилова  мамлекеттик маанидеги документтерди инвентаризациялап чыгуу зарылчылыгын эске салды.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 3-VI протоколдук тапшырмасын аткаруу жөнүндөгү маселе  комететтин жактыруусуна ээ болуп, Өкмөткө дагы кошумча 1 айлык убакыт берилди. Анда мамлекеттик документтердин тизмеси такталып, баасы эсептелип чыгат.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

© 2011.Жогорку Кеңеш
Кыргыз Республикасы
Веб-портал БУУӨП көмөгү менен түзүлгөн. 2011-жылы Европа Бирлигинин каржылык колдоосу аркылуу кайра түзүлдү. Бул веб-порталда айтылган пикирлер сөзсүз эле БУУ, ЕБ, БУУӨП, алардын программа/долбоорлорунун же өкмөттөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт. Колдонулуп жаткан шарттуу белгилер да тигил же бул өлкөнүн макамына, аймагына же чегарасына карата кандайдыр бир шарттоону туюндурбайт.