Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
 

Жаңылыктар
Июнь 2016-ж.
ДшШшШрБшЖмИшЖш
303112345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930123
45678910
// 14.06.16 11:43
Сауд Өнүктүрүү фонду Бишкектеги медициналык тез жардам мамлекеттик балдар ооруканасын реконструкциялоо жана кеңейтүү үчүн 30 млн доллар берет

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Бишкек шаарынын медициналык тез жардам мамлекеттик балдар ооруканасын реконструкциялоо жана кеңейтүү” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Сауд арабиялык Өнүктүрүү фонду ортосундагы Насыялык макулдашуу долбоорун жактырды.

Келишимге ылайык, Сауд арабиялык Өнүктүрүү фонду «Бишкек шаарынын медициналык тез жардам мамлекеттик балдар ооруканасын реконструкциялоо жана кеңейтүү” долбоорунун алкагында 25 жылдык мөөнөт жана 1 пайыздык үстөгү менен 30 млн доллар өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя берет.

КР ЖК Басма сөз кызматы
 

© 2011.Жогорку Кеңеш
Кыргыз Республикасы
Веб-портал БУУӨП көмөгү менен түзүлгөн. 2011-жылы Европа Бирлигинин каржылык колдоосу аркылуу кайра түзүлдү. Бул веб-порталда айтылган пикирлер сөзсүз эле БУУ, ЕБ, БУУӨП, алардын программа/долбоорлорунун же өкмөттөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт. Колдонулуп жаткан шарттуу белгилер да тигил же бул өлкөнүн макамына, аймагына же чегарасына карата кандайдыр бир шарттоону туюндурбайт.